Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

2010-жылдары Орто Азияда согуш чыгарууну каалаган күчтөр бар болчу, - Отунбаева

10.06.2020 15:27
1427
2010-жылдары Орто Азияда согуш чыгарууну каалаган күчтөр бар болчу, - Отунбаева


2010-жылдары Орто Азияда бири-бирибизди согуштурайын деген күчтөр бар болчу, Июнь окуясында алар өрт чыгарганга аракет жасашты, деп билдирди экс-президент Роза Отунбаева Июнь коогалаңын эскерип жатып.


Анын айтымында, Өзбекстандын ошол кездеги президенти Ислам Каримов да бул окуя боюнча БУУда бир топ жолу маселе көтөрүп, сессияларда эки элдин ичинде согуш чыгарууну каалагандар бар экенин айтып чыкты. Ошол убакта сепаратисттер, башы көрүнгөн саясатчылар араң турган элди козголоңго түртүшкөн. Мына ушундан карама-каршылык өрт чыкты.

 

“Сепаратисттердин аракеттери, алар өткөргөн жыйындар, чогулуштар боюнча документтер, сүрөт далилдер бар”, - деди Отунбаева.


Ошондой эле ал улуттар ортосундагы мамилелер өтө назик болоорун билдирди. “Улуттар ортосундагы мамиленин териси жука болот, ал сыйрылып кетсе, бат эле жарага айланат. Ошондуктан аяр мамиле талап кылынат жана мындай маселелерге дайым көңүл бурулуп туруш керек”, - деп кошумчалады ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн