Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:35
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

2010-жылы өрттөнүп кеткен прокуратуранын тагдыры чечиле баштады

24.11.2020 16:00
880
2010-жылы өрттөнүп кеткен прокуратуранын тагдыры чечиле баштады

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Башкы прокуратуранын өрттөнүп кеткен имаратынын ордунда долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн каражат бөлүүгө буйрук берди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлады.


Белгилей кетсек, имарат борбордук мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында. Муниципалдык мүлк башкармалыгынын арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо институтунан ушул имараттын курулуш конструкциясынын  учурдагы абалы жөнүндө техникалык корутунду алынды.


Буйруктун негизинде тапшырыкчы - техникалык тапшырманы иштеп чыга турган мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы  аныкталды.

Жакынкы аралыкта техникалык корутундуга жана шаар куруу документтерине ылайык долбоорлоо иштерин жүргүзүүгө тендер жарыяланат. Биз сизди кабардар кылып турабыз.


Эскерте кетсек,  Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Орозбеков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мурдагы имараты 2010-жылдагы апрель окуялары учурунда өрттөнүп кеткен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн