Бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кезектеги отурумунда депутаттар КР өкмөтүнүн 2019-жылдагы иши тууралуу премьер-министрдин отчетун угууда.
Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, отурумда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баяндама жасап, отчет өкмөттүн ишин баалоо индикаторлору менен Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген форматта сунушталганын кошумчалады.
Ошондой эле өкмөт башчы социалдык-экономикалык негизги көрсөткүчтөргө токтолду. “Ички дүң өнүмүнүн көлөмүнүн өсүшү 4,5%ды түзүп, бул көрсөткүч 2016-жылдан бери артууда”, - деди ал.
Мындан тышкары, айтылды. Ал эми мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында 24 долбоор ишке ашырылып, “бизнес-акыйкатчы” институту киргизилгени белгиленди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн