Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

2020-жыл Кыргызстанда эт өндүрүү бир пайыз көбөйдү

17.02.2021 15:29
824
2020-жыл Кыргызстанда эт өндүрүү бир пайыз көбөйдү

Быйыл былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эт көп өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2021-жылдын отчету боюнча, республиканын бардык категориядагы чарбакерлери тарабынан 30,2 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү. Тактап айтканда, мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эт бир пайызга көп өндүрүлдү. Ал малдын көбөйүшү менен байланыштуу, бирок чочко жана үй канаттууларынан тышкары.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2021-жылдын 1-январына карата республикада ири мүйүздүү малдын саны 35 миң башка көбөйүп, жалпы 1 715,7 башты түзсө, кой жана эчкинин саны 11,9 миң башка көбөйүп, 6 278,7 башты түздү жана жылкынын саны 17 миң башка көбөйүп, 539,6 миң башты түздү. Ал эми чочколордун саны 5,2 миң башка азайып, жалпы саны 29,4 миң башты түзсө, үй канаттуулардын саны 140,7 миң башка азайып, 6 070,4 башты түздү.

Белгилей кетчү нерсе, 2021-жылдын январь айында республиканын бардык облустарында эт көбүрөөк өндүрүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн