Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 08:21
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

2020-жыл инвестициянын агымы 55 пайыздан ашык кыскарган

12.03.2021 10:58
734
2020-жыл инвестициянын агымы 55 пайыздан ашык кыскарган

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2020-жылы тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 2019-жылга салыштырмалуу 55,6 пайызга кыскарып, 477,6 млн долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, өткөн жылга салыштырмалуу кредитордук карыздардан башка бардык түзүүчүлөрдө тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө инвестициянын келип түшүү агымынын төмөндөгөнү белгиленди.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (97 пайызга жакыны) өндүрүш ишканаларына, пайдалуу кендерди казуу, геологиялык чалгындоо, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, дүң жана чекене соода чөйрөсүнө, ошондой эле, маалымат жана байланыш чөйрөсүнө багытталган.

Муну менен бирге, инвестициялардын көлөмү геологиялык чалгындоо - 5,4 эсеге, маалымат жана байланыш чөйрөсүндө – 5,1 эсеге, өндүрүш ишканаларында – 32,2%га, финансылык ортомчулук жана камсыздандырууга – 31,6%га, дүң жана чекене соода жаатында – 23,4%га, пайдалуу кендерди казуу ишканаларында - 22,9%га төмөндөгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн