Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 19:00
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

2020-жылы Өзбекстанга экспорттолгон малдын саны 10 эсеге өскөн

22.01.2021 09:04
490
2020-жылы Өзбекстанга экспорттолгон малдын саны 10 эсеге өскөн

2020-жылы Кыргызстандан Өзбекстанга ири мүйүздүү жана майда мал жандыктын экспорту 9,2 эсеге көбөйгөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, өткөн жылдын 11 айында Кыргызстан коңшу өлкөгө 10,4 миң баш ири мүйүздүү жана 36 миң баш майда мал жандык экспорттогон. 2019-жылы ири мүйүздүү мал үчүн бул көрсөткүч 574ү, майда малдыкы 4,4 миңди түзгөн.

Өткөн жылы Кыргызстандын мал экспортунун 98% Өзбекстанга туура келген. Бирок ишкерлер Улуттук статистика комитетинин бул маалыматы чыныгы сандарга дал келбейт деп эсептешүүдө. Алардын айтымында, аткезчиликти эске алганда, фермерлер 2020-жылы бир нече эсе көп мал сатышкан.

«Мен бул сандарга көп ишене бербейм. Биз да базарга анализ жүргүзүп турабыз, бул маалыматтар чыныгы сандар менен дал келбейт. Экспортко тыюу салынганы аткезчилер үчүн жакшы болду. Алар буга чейинкиден да активдүү иштей башташты», — деди «Кыргызленд» экспортерлор жана импортерлор бирикмесинин төрайымы Ленара Ниязбекова.

2020-жылы ноябрда өкмөт малды сыртка сатууга убактылуу тыюу салган. Айыл чарба министрлиги муну азык-түлүк коопсуздугу менен түшүндүргөн. Бирок бул чектөө айрым фермерлерди нааразы кылган. Бир жумадан кийин мекеменин башчысы Тилек Токтогазиев массалык аткезчиликке даттанган. «Бизге өлкөнүн түштүк райондорунда мал аткезчилик жол менен чыгарылып кетип жатканы боюнча көптөгөн билдирүүлөр келип түшүүдө. Бодо малды эле алсак, күн сайын 1000 башка чейин чыгарылып кетүүдө», — деген ал.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырымды түзсө, анын 15% тактала элек. Ала-Бука районунун тургуну айрым такталган жерлерде да эч кандай тосмо жок болгондуктан, малды коңшу өлкөгө айдап өтүү өтө жеңил экенин билдирди:

- Өзбекстандан сатып алуучулар өздөрү келишет же аларга алып-сатарлар жардам беришет. Алар 30-40тан баштап 100 башка чейин сатып алышат. Ала-Бука, Аксы, Чаткал жана Өзгөн райондорунда ачык жерлер көп, малды жайыттардан түз эле айдап кетсе болот. Аны эч ким текшербейт. Текшерсе да өзү жайып жүргөн мал экенин айтып кете беришет.

Расмий статистика боюнча Кыргызстанда 2020-жылы азык-түлүк 17,6%, эт 26,3% кымбаттаган. Жылдын экинчи жарымына чейин 350 сомдон ашпаган эттин баасы жыл соңунда 450-500 сомго чейин жогорулаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн