Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 06:53
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Жылдын мыкты кулинариялык сүрөттөрү (фото)

13.05.2020 16:53
1634
Жылдын мыкты кулинариялык сүрөттөрү (фото)


Тамак-аш тармагындагы Pink Lady Food Photographer of the Year аталышындагы конкурстун жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, бул жылы аталган сынакта 70 өлкөнүн сүрөтчүлөрү жиберген 9 миңдей сүрөт каралып, уюштууручулар жеңүүчүлөрдүн ысымдарын атады.


Ал эми дүйнөдөгү тамак-аш жана дүйнөлүк гастрономиялык салтты чагылдырган кулинариялык сүрөттөрдүн конкурсу 2011-жылдан бери өткөрүлүп келет.

 

1. Конкурстун абсолюттук жеңүүчүсү деп бангладештик сүрөтчү К.М. Асаддын эмгеги табылган. Калыстарды анын рохинжадагы качкындардын лагеринде тартылган “Жыйынтыктан кийин” деп аталган эмоционалдуу сүрөттү жеңген.



2. “Талаадагы тамак” категориясында Сяодун Суньдун “Толгон аарылар” деген аталыштагы сүрөтү жеңген.



3. “Түшүм жыйноо” номинациясын Зай Яр Линдин “Таңкы аңчылык” эмгеги жеңген.



4. “Жемиш-портрети” наамын Лиам Дебуанын “Инжир” сүрөтү алган.



5. Томас Александер “Үлпөттүн фуд-сүрөтчүсү” титулун утуп алган.



6. “Осьминогдун чекиттери” деп аталган Николь Херфттин эмгеги “Фуд стилист” деп табылган.



7. “Вино жана вино өндүрүүнүн образы” наамын Давид Ваймандын сүрөтү жеңген.



8. Конкурстун жеңүүчүсү К.М.Асаддын дагы бир кадры “Майрамдык тамак” конкурсун жеңип алган.



9. Анна Володарчиктин “Куймак жеген Олек” эмгеги “Үй-бүлөлүк тамак” категориясында жеңүүчү деп табылган.



10. “Столдогу тамак” номинациясы Сэнди Вудка тийген.



11. Телефон менен тартылган мыкты сүрөт наамын Азим Хан Ронни тарткан.



12. “Күн сайын алма” категориясын Диана Ковальчиктин “Карамель айым” эмгеги жеңген.



13. Сюэпиня Дунун “Рамен бул искусство” сүрөтү “Көчөдөгү тамак” наамына татыган.



14. “Студенттердин арасындагы тамак-аш сүрөтчүсү” наамын Филиппа Аскью жеңген.



15. Нхан До Тханьдын “Күндү күтүп” аталышындагы сүрөтү “Филип Харбендин премиясы "Тамак жасоо” номинациясына татыган.



16. Эйми Твиггердин “Чарадагы ашкабак” жаратылышты чагылдырган кадры тамак-аштын-блогерри деген наамга татыган.



17. Зай Яр Линанын “Жемиш сатылган орундук” эмгеги “Сатыктагы тамак” категориясын жеңген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн