Үстүбүздөгү жылы 133 миң 900 ымыркайга "балага сүйүнчү" бир жолку берилүүчү жөлөкпул төлөнүп берилди. Бул тууралуу брифинг учурунда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылдын 1-декабрына карата 27 үч эм төрөлгөн.
"Ал ымыркайлардын ар бирине 50 миң сомдон "балага сүйүнчү" төлөнүп берилген. Ал эми 133 миң 900 ымыркайга 4 миң сом өлчөмүндө "балага сүйүнчү" берилген", - дейт министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн