Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 06:33
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

2020-жылы муфтият умрага 213 адамды жиберген

18.03.2020 10:35
806
2020-жылы муфтият умрага 213 адамды жиберген


Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен Сауд Аравияга январь жана февраль айында 213 адам барган. Бул тууралуу  Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агентигине билдирди.


Анын айтуусуна караганда коронавирус илдети табылган адамдарды умрага Муфтият жөнөткөн эмес. Алар өз алдынча барып келишкен. 


”12 күндүк умрага быйылкы жылы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен 213 адам барып келди. Алар январь жана февраль айларында барып келген. 12-мартта кичи ажыдан келген адамдар жеке фирмалар менен барып келгендер. Учурда Кыргызстанда ажылыкты уюштурган агентиктер көп, канча агентик бар, анын баарын Юстиция министрлигинен такташ керек”, - деди Атабаев.


Эске салсак, Кыргызстанда да коронавирус илдети катталып, дартты жуктургандар кичи ажыга барып келген адамдар экени аныкталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн