29-июнда Жогорку Кеңеш социалдык камсыздоо тармагындагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда кабыл алды.
Мындан тышкары, депутаттар 2021-жылдын апрель жана 2022-жылдын сентябрында болгон окуялардын натыйжасында каза болгон жана жабыркаган жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан коргоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жактырышты.
Мыйзам долбоору менен “2010-жылдын апрель-июнь жана 2021-жылдын апрелиндеги окуялардын натыйжасында каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан коргоо жөнүндө” мыйзамдан 2021-жылдын апрель айында Баткен облусунда болгон окуялар алынып салынды.
Ошондой эле мыйзамда 2023-жылдын 1-январынан тартып кошумча социалдык жөлөкпулдардын жана кошумча ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн 3700 сомдон 4700 сомго чейин жогорулатуу каралган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн