Баш оона 22, 2025
Убакыт: 01:57
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

2021-жылы Кыргызстандын экономикасынын өсүшү 3,6 пайызды түздү

10.02.2022 12:09
1180
2021-жылы Кыргызстандын экономикасынын өсүшү 3,6 пайызды түздү

Кыргызстандын 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн башкы жыйынтыгы ИДПнын өсүүсүнүн оң темпи болду. Бул тууралуу КРнын Экономика жана коммерция министрлигинин 2021-жылга иштердин жыйынтыгы боюнча коллегияда айтылды.


Министрдин биринчи орун басары Сейилбек Урустемовдун айтымында, ички дүң продукциянын көлөмү 723,1 млрд сомду, ал эми реалдуу өсүү темпи 103,6%ды түздү.


“Республикалык бюджеттин жыйынды кирешелеринин жалпы көлөмү 187,4 млрд сомго жетти. Кирешенин өсүүсү фискалдаштыруу жана көмүскө экономикадан чыгаруунун натыйжасында 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 53 млрд сомду, же 139,2%ды түздү”, - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн