2021-жылы Кумтөрдө 14 561 кг алтын өндүрүлгөнүн компаниянын тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк билдирди.
Анын айтымында, 2021-жылдын башынан бери Кумтөр салык жана милдеттүү төлөмдөр боюнча бюджетке 13,6 млрд сом которгон. Негизи план 9 миллиард сом деп коюлган.
Бөлтүрүк 2021-жылга алтынды сатуудан түшкөн жалпы киреше 856 млн долларды түзсө, анын 621 млн доллары тышкы башкаруу мезгилине туура келгенин, быйыл компания 17 тоннадан ашык алтын казууну пландап жатканын айтты.
Өкмөт буга чейин кенди толугу менен Кыргызстанга өткөрүү боюнча "Центерра Голд" менен сүйлөшүүлөр жыйынтыкта жатканын билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн