Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 16:40
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

2021-жылы доллардын доору бүтөбү?

13.06.2020 13:49
1057
2021-жылы доллардын доору бүтөбү?


Йель университетинин алдындагы Jackson Institute of Global Affairs изилдөө борборунун илимий кызматкери Стивен Роуч 2021-жылы доллардын доору бүтөт деп эсептейт. Америкалык экономисттин бул божомолу Bloomberg Todayдеги өзүнүн колонкасына жарыяланды.



“Дүйнөлүк резервдик валюта катары доллардын “эпсиз артыкчылыктарынын” доору аяктап бара жатат”, - деп жазды ал.


Анын пикиринде, президент Дональд Трамптын тушунда АКШнын глобалдык лидерлик тизгинди бошоңдотуп жибергендиги доллар үчүн башкы коркунучка айланды. АКШга ири насыя берүүчүлөрдүн бири эсептелген Кытай менен “эч пайдасыз жана бүлдүргүч” соода согушунун фонунда өлкө бюджетинин танкыстыгы өсөт жана калктын сактаган каражаттары азаят деп эскертет эксперт. Мындан сырткары, АКШнын экономикасы коронавирус пандемиясынан да олуттуу зыян тартты. АКШнын мамлекеттик карызы учурда 26 триллион доллардан ашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн