Бугу 16, 2024
Убакыт: 21:14
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

2021-жылы электрондук капчыктардын саны 35%га өстү

13.06.2022 13:16
1087
2021-жылы электрондук капчыктардын саны 35%га өстү

Кыргызстанда 2021-жылы электрондук капчыктардын саны 35%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.


Белгиленгендей, COVID-19 пандемиясы учурунда аралыктан төлөө жана электрондук соода бир кыйла өнүктү.


“Электрондук акча Кыргызстанда эң жеткиликтүү жана популярдуу курал бойдон калууда. Өткөн жылдын аягына карата электрондук капчыктын саны 4,7 млн бирдик деңгээлине жетти. Ошентип. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 34,9%га өстү”, - деп айтылат маалыматта.


Улуттук банк “Кыргыз почтасынын” кеңселеринде калктын акча каражаттарын накталай алуу үчүн 396 POS-терминалдар орнотулганын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн