Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 08:29
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

2022-жылы Бажы жана Салык кызматынын кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлөт

22.12.2021 11:52
1355
2022-жылы Бажы жана Салык кызматынын кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлөт

Келерки жылдан тарта Салык жана Бажы кызматтарынын кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу парламенттин жыйынында экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди.


Анын айтымында, министрлер кабинетинде айлык акылардын жаңы концепциясы каралууда.


Мурдараак Салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдувапов депутаттын суроосуна жооп берип жатып, салыкчылардын орточо айлык акысы 12 миң сомдон 20 миң сомго чейин экендигин билдирген.


Азыркы бааларды эске алганда бул айлык акы жашоого жетиштүүбү деген депутаттын суроосуна Абдувапов жок деп жооп берген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн