Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 12:48
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

2022-жылы жалпысынан 382,6 км жолго асфальт катмары төшөлгөн

15.02.2023 11:41
326
2022-жылы жалпысынан 382,6 км жолго асфальт катмары төшөлгөн


2022-жылы жалпысынан 382,6 км жолго асфальт катмары төшөлдү, анын ичинен учурдагы бюджеттин эсебинен 196,1 км, капиталдык салымдардын эсебинен 186,5 км, мындан сырткары инвестициялык долбоорлор боюнча 106 км асфальт төшөлгөн. Баардыгы болуп 488,6 км асфальт төшөлдү. Бул көрсөткүчтөр, 2021-жылга салыштырмалуу 2,8 эсеге көп.


Учурдагы бюджет боюнча жол тармагынын учурдагы бюджети боюнча иштердин көлөмү 3 072,3 млн. сомго аткарылды жана 196,1 км асфальтбетон төшөлдү, шагыл катмарын төшө – 78 км жана жолдорду бодурлоо (ШПО) – 88,4 км.

Учурдагы оңдоо иштери боюнча 393,5 млн. сомго иштер аткарылып, 151,3 миң м2 ашык аянтта аңгек-чөнгөктөрдү оңдоо иштери 269,2 млн. сомго жүргүзүлдү, мындан тышкары жалпы пайдалануудагы көпүрөлөрдү оңдоо иштери жана башка жол-курулуш иштери жүргүзүлдү. Автожолдорду жайкы жана кышкы күтүү боюнча 340,9 млн. сомго иштер аткарылды.


2022-жылга карата Республикалык бюджеттин эсебинен жолдорду кышкы кармоосуна жана тейлөөсүнө  “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы тарабынан 1-январга карата 44 402,0 тонна дизелдик отун, 6030,0 тонна кум, 4249,0 танна туз, 4783,0 тонна шлак жана 141 даана атайын техника даярдалып, жумушчулардын кышкы кийимдери алып берилген, жалпысынан кышкы тейлөөгө республика боюнча 80% даярдалган.


“Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу каржылануучу курулуш обьектилерине 215,9 км асфальт жабуусун төшөө иштери каралып, бүгүнкү күндө 186,5 км асфальт жабуусу төшөлдү.


Азыркы учурда, мамлекетибиздин жетекчилигинин тапшырмасы менен, көз карандысыздыкты алгандан бери биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автомобиль жолунун курулуш иштери жүрүп жатат. Учурда 0-25 км аралыгында бир тарабында алдыңкы катмарынын 18 км асфальтобетон төшөө иштери бүткөрүлдү.


Ал эми, Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду автомобиль жолун реконструкциялоо долбоору 2015-жылы башталып 80 км асфальт төшөлгөн, 2022-жылы 305,0 млн.сом каралып 5 км асфальт төшөлдү.


Баткен облусундагы 48 жол  курулуш объектилерине 1 млрд 261 млн 300 миң сом өлчөмүндө республикалык бюджеттен каржыланды. Быйыл 70,4 км асфальтобетон катмары төшөлүп, андан тышкары 95,5 км шагыл жол төшөлдү жана 69 км жолго долбоорлоо документтери даярдалды.


Кадамжай-Чечме автожолунда 47,8 км асфальт төшөлүп 2 көпүрөнүн курулушу аткарылууда, Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык автожолунун 7 кмде жардырылган көпүрө калыбына келтирилди,

Башка булактардан каржыланган объектилер.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-апрелиндеги "Ала-Арча Кыргыз мамлекеттик паркынын инфраструктурасын жакшыртуу жана калктын жана туристтердин эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жөнүндө” №68 тескемесине ылайык жол инфраструктурасынын курулуш иштерине 97,7 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.


Бул каражаттарга 16,5-28,5 км "Чоң-Арык – Ала-Арча жаратылыш паркы" автожолунда бүгүнкү күндө узундугу 10,4 км асфальтбетон төшөө иштери аткарылган, ошондой эле, 12 унаа токтоочу участокто асфальт жабуусун төшөө иштери толугу менен бүткөрүлгөн.


Андан тышкары Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан 2021-жылга карата Куршаб-Жалпакташ автомобиль жолуна 30,0 млн. сом акча каражаты берилген. Учурда Жол чарба департаменти “Кыргызжолтрансдолбоор” долборлоо жана изилдөө иниституту менен жолдун көзөмөлүн аткарууга жана “Өндүрүштүк инновациялык борбору” мамлекеттик ишканасы менен долбоордун сметалык иш кагаздарын даярдоого, жана ошондой эле, “Кыргызавтожол” Мамлекеттик ишканасы менен курулуш иштерин аткарууга келишим түзүлүп, учурда долбоордун сметалык иш кагаздарын даярдоо жүрүп жатат.

Табигый кырсыктарды калыбына келтирүү.


Өткөн 2022-жылда климаттык шарттарынын натыйжасында республиканын айрым райондорунда сел агымдары менен жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун участоктору жана жасалма курулмаларына келтирилген зыяндар боюнча жол-эксплуатациялык мекемелердин күчү менен 77,3 млн. сом суммасындагы селдин тыгындарын тазалоо иштери аткарылып, автомобиль жолдорунда убактылуу жүрүү камсыздалды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн