2022-жылы жашоо минимум көрсөткүчү 7178 сомду түздү. Бул тууралуу 13-январда Улуттук статистикалык комитеттин өкүлдөрү 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдиришти.
Белгиленгендей, бул көрсөткүчтөр 2021-жылга салыштырмалуу 14,5%га жогору. Бул өсүш азык-түлүк товарларына, негизги азык-түлүк товарларына баалардын тынымсыз өсүшүнө байланыштуу.
«2022-жылы эмгекке жарамдуу калк үчүн жашоо минимумунун өлчөмү айына 8025 сомду түздү. Пенсия курагындагы калк үчүн 6395 сом, балдар үчүн 6099 сом», - деп белгилейт Улуттук статистикалык комитеттен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн