Бугу 09, 2024
Убакыт: 05:05
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

2023-жылдын 1-октябрынан тарта пенсия орточо 38%га жогорулайт

13.09.2023 19:17
350
2023-жылдын 1-октябрынан тарта пенсия орточо 38%га жогорулайт


Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, пенсионерлердин жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19, 44, 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, 2023-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 30 миң сомго чейинки пенсиялар үчүн 1,38 өлчөмүндө белгиленди.

Тактап айтканда, 30 миң сомго чейин пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү орточо 38%, бирок 500 сомдон кем эмес өлчөмүндө көбөйөт, ага 3,9 млрд сом каралды. Мындай пенсиялардын орточо өлчөмү жогорулагандан кийин 9354 сомду түзөт, бул пенсиянын азыркы өлчөмүнөн орточо 1692 сомго көп. 

Мында, жогорулатуунун так суммасы ар бир пенсионердин пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүнө жараша болот. Бул жогорулатуу инфляциянын деңгээлинен эки эсе жогору. 

Эгерде пенсияны жогорулатууга Социалдык фонддун каражаттарынан ушул жылдын 3 айына 3,9 млрд сом каралса, 2024-жылы бул сумма кошумча 16,2 млрд сомду түзөт. Ошону менен бирге, пенсия республикалык бюджеттин катышуусуз толугу менен Социалдык фонддун каражаттарынын эсебинен жогорулатылат. 

30 миң сомдон ашкан пенсияларды жогорулатуу маселеси азыркы кезде каралууда, ошол себептен кошумча керектөөлөрдүн тийиштүү эсептери жүргүзүлүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн