Бугу 09, 2024
Убакыт: 21:25
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

2023-жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен казинолордон 86,1 млн сом салык түшкөн

10.01.2024 10:38
617
2023-жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен казинолордон 86,1 млн сом салык түшкөн


2023-жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен эки казинонун иштешинен түшкөн салыктын көлөмү 86 миллион 147 миң сомду түздү. Мындай маалыматты Финансы министрлиги билдирет.


2023-жылдын ноябрь айында салыктын бул түрүнөн казына 17 миллион 297 миң сомго толукталган.


Кошумчалай кетсек, өткөн жылдын 11 айында букмекердик конторалардын жана лотереялардын ишинен казынага дагы 3,5 миллион сом, ал эми компьютердик симулятор оюн автоматтарынан 80 миң сом түшкөн.


Жалпысынан 2023-жылдын январь-ноябрь айларында өлкө бюджети кумар оюндарынын эсебинен 89 миллион 727 миң сомго толукталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн