Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:06
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

2023-жылдын 3 ай аралыгында 1 тонна 653 кг 412 гр баңгизаттар аныкталып алынган

27.04.2023 10:57
259
2023-жылдын 3 ай аралыгында 1 тонна 653 кг 412 гр баңгизаттар аныкталып алынган


 

Кыргыз Республикасынын ИИМнин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


ИИМдин БМЖККК тарабынан баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштү уюштуруу боюнча бардык чараларды көрүүдө, ошондой эле баңги заттарды колдонуунун алдын алуу жаатында иштер жүргүзүлүүдө.

Үч айдын ичинде баңгиликти алдын алуу чөйрөсүндө 89 ашык иш-чаралар жүргүзүлүп, 50 миңге жакын адамды камтыган.

Кеңешменин жүрүшүндө БМЖКККнын жетекчилиги тарабынан афган тектүү баңгизаттардын контрабандасын, жапайы өскөн кара куурайды токтотуу, ошондой эле баңги каражаттарын даярдоо үчүн компоненттерди түзгөн баңги лабораторияларды аныктоо жана жоюу иштерин күчөтүү боюнча бир катар милдеттер коюлду.


"Ички иштер министрлиги тарабынан 1 чейректе 365 баңгизаттарга байланышкан кылмыш катталып, 3 нарколаборатория аныкталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 1 тонна 653 кг 412 гр баңгизат алынган. 


Анын ичинде баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду,: героин – 14 кг 404 гр., гашиш – 36 кг 074 гр., марихуана-41 кг 863 гр., кара куурай өсүмдүгү - 12 кг 692 гр., саман куурай - 13 кг. 008 гр., прекурсорлор - 1 т 494 кг 536 гр., психотроптук заттар - 39 кг 979 гр., дары препараттары-226 гр., башка дарылар-630 гр. (Кара куурай экстракты жана майы).


ИИМдин БМЖКККнын жетекчилиги Интернет түйүнүн колдонуу менен маалыматтык-телекоммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө баңги кылмыштарына бөгөт коюу, ошондой эле баңгиликти алдын алуу чөйрөсүндө ишти активдештирүү боюнча ишке өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин белгиледи",- деп айтылат билдирүүдө.


Кеңешмеде иштеги кемчиликтер үчүн БМЖКККнын бир нече башкармалыктарынын жетекчилери жана бир катар кызматкерлери тартиптик жазага тартылышты.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн