Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 01:31
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

2023-жылдын соңунда ИДП жан башына дээрлик 2 миң долларды түздү

01.04.2024 08:35
894
2023-жылдын соңунда ИДП жан башына дээрлик 2 миң долларды түздү


2023-жылдын соңунда Кыргызстанда ИДПнын жан башына көлөмү 1969 долларга жеткенин Экономика жана соода министрлиги билдирди.


Салыштыруу үчүн, 2021-жылдын жыйынтыгы көрсөтүлгөн, анда ал 1 350 доллар болгон.


Соңку үч жылда экономикалык өсүш орточо 6,9 пайызды түздү. Фискалдык реформаларды камтыган чаралар комплекси ишке ашырылганы белгиленди.


“Бул экономиканын туруктуулугун жана анын ковидден кийинки жана учурдагы геосаясий кырдаалга акырындык менен ыңгайлашуусун билдирет”, - деди министрлик.


Ошондой эле 2015-жылдан 2020-жылга чейин калктын жан башына ИДП орточо 1,6 пайызга өскөндүгү белгиленди. Ал эми экономикалык өсүш орточо 4,3 пайызды түздү.


Министрлик калктын жан башына ИДПнын көлөмү өлкөдөгү жашоонун материалдык деңгээлин чагылдырган негизги көрсөткүч экенин эскертет. Анын өсүшү жарандардын экономикалык абалынын, анын ичинде материалдык байлыктарга, кызматтарга жетүү мүмкүнчүлүгүнүн жогорулаганын билдирет.


Экономикалык өсүш ушундай темпте сакталса, 2032-жылга карата Кыргызстан кирешенин орточо көрсөткүчтөн жогору болушуна жетише алат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн