Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-2025-жылдарга бюджеттин долбоорун талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, ички дүң продуктунун өсүшү боюнча эл аралык уюмдардын терс божомолдору ишке ашкан жок.
«Республиканын коргонуу жөндөмдүүлүгүн колдоо боюнча мурда көрүлгөн чаралардын аркасында өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн сактап кала алдык. Тышкы карызды төлөөнүн негизги бөлүгү жакындап калды, ошол эле учурда мамлекеттин бардык социалдык милдеттенмелери толугу менен аткарылып жатат. Мындан тышкары, социалдык, маданият тармагынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлүп, 1-октябрдан тарта пенсиялар көбөйүүдө. Борбор калаада 9 орто мектеп пайдаланууга берилди, жакынкы арада дагы 6 мектеп пайдаланууга берилет. Бардык тармактарда иш жигердүү жүргүзүлүп жатат. Келерки жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмүн 500 млрд сомго жеткирүүнү пландап жатабыз», - деди Акылбек Жапаров.
Ал кошумчалагандай, глобалдык экономикалык басаңдоо менен катар глобалдык инфляция жогорку деңгээлде калууда.
«Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн биз Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларын тийиштүү көлөмдөгү күнүмдүк керектелүүчү продуктулар менен толтурдук. Экономиканын тармактарын 2022-2023-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат. Балыкчы–Кара-Кече темир жолунун курулушу башталды», - деди министрлер кабинетинин башчысы жана 2022-жылга пландалган 404 млрд сом өлчөмүндөгү консолидацияланган бюджетти ашыгы менен аткаруу пландалып жаткандыгын кошумчалады.
Андан соң финансы министри Алмаз Бакетаев 2023-2025-жылдарга бюджеттин долбоору менен тааныштырды. Ал белгилегендей, 2023-жылга консолидацияланган бюджеттин көлөмүн 500 млрд сом өлчөмүндө белгилөө пландалууда. Кеңири талкуудан кийин сунушталган бюджеттин долбоору жактырылды.
Акылбек Жапаров отурумдун жыйынтыгында белгилегендей, учурда министрлер кабинетинин биринчи кезектеги милдети Тажикстан Республикасынын аскердик агрессиясынын натыйжасында жабыркаган Баткен облусун калыбына келтирүү болуп саналат.
«Буга чейин республиканын өнүгүшүнө жана реформаларды ишке ашырууга тоскоол болгон негизги себеп финансылык алсыздык жана казынадагы каражаттардын жетишсиздиги болчу. Азыр абал таптакыр башкача. Биз Баткен облусунда талкаланган обьектилерди калыбына келтирип, башталган реформаларды ишке ашырууну улантабыз. Болгону биздин команданын жана элдин биримдиги жана ынтымагы керек», - деп жыйынтыктады министрлер кабинетинин башчысы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн