2023-жылы 10 миң үй-бүлө чакан бизнес ачууга каражат алышат. Бул тууралуу маалымат жыйында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
Анын айтымында, социалдык келишимдин негизинде муктаж үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон акчалай жардам берилүүдө.
"Учурда 2 миң 800 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилип, 14 миң адам жашоо шартын жакшыртты. Жалпы 280 млн сом бөлүнгөн. Жарандар күнөскана, брусчатка жасоо, автоунаа оңдоо, тигүүчү жай, үй ремонттоо, тамак-аш жасоо же мал жандыктарды багуу менен алектенишүүдө. Кийинки жылы социалдык келишимди 10 миң үй-бүлө менен түзүү пландалууда", - дейт ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн