Бугу 09, 2024
Убакыт: 22:10
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

2023-жылы Чүй облусунда дүң өндүрүм мурунку жылга салыштырмалуу 111,1%га өскөн

24.01.2024 11:14
645
2023-жылы Чүй облусунда дүң өндүрүм  мурунку жылга салыштырмалуу 111,1%га өскөн


2023-жылы Чүй облусунда дүң өндүрүм 146 млрд 415 млн сомду түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу өсүш 111,1 пайыз болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынында белгилүү болду.

Ошентип, облустун аймактык дүң өндүрүмүнүн республиканын ички дүң өндүрүмүндөгү үлүшү 14,3 пайызды түзөт.

Жыйында экономиканын рычагы болгон мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн планы 104 пайызга аткарылып, 13 млрд 124 млн сом чогулду, же болбосо 500 млн сомго ашыгы менен чогулганы маалым болду. Анын ичинен республикалык бюджеттин аткарылышы 101,2 пайызды түзүп, 113 млн сомго ашыгы менен жыйналды. Бардык 8 район жана Токмок шаары пландык көрсөткүчкө чыгышты.

Жергиликтүү бюджетке 3 млрд 333 млн 673 миң сом жыйналып, аткарылыш 113,1 пайызды түзүп, план 386 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

Өнөр-жай тармагында 217 млрд 927 млн сомдук продукция өндүрүлүп, 2022-жылдын жыйынтыгына салыштырганда физикалык көлөмдүн индекси 121,9 пайызды түздү, же болбосо продукция 34 млрд сомго көп өндүрүлдү.

Отчеттук мезгилде облустун өнөр-жай өндүрүшүнүн республиканын жалпы көлөмүнө карата продукциясынын салыштырмалуу салмагы 45 пайызды түздү, же болбосо былтыркы жылга салыштырмалуу үлүш 2 пайызга өстү.

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн көбөйүшү текстиль өндүрүшүнүн, кийим жана бут кийим тигүүнүн - 39,7 пайызга, фармацевтикалык продукциянын -1,6 эсеге, резина жана пластмасса өндүрүүнүн - 2,2 эсеге, жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдарды өндүрүү - 31,5 пайызга өскөндүгүнө байланыштуу болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн