Бугу 09, 2024
Убакыт: 17:41
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

2023-жылы Кыргызстандын эл аралык дүң резерви 3,2 млрд долларды түздү

12.01.2024 15:17
731
2023-жылы Кыргызстандын эл аралык дүң резерви 3,2 млрд долларды түздү


2023-жылдын декабрь айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын эл аралык дүң резерви 3 млрд 236 млн АКШ долларын түздү. Бул тууралуу КР Улуттук банкынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын декабрь айында бул көрсөткүч 2 млрд 798 млн АКШ долларга барабар болгон.

"Резервдин ликвиддүү бөлүгүн карасак, бул көрсөткүч 2023-жылдын декабрь айынын жыйынтыгы боюнча 3 млрд 160 млн доллардан ашкан. Ал эми 2022-жылдын тийиштүү мезгилинде 2 млрд 718 млн долларга жеткен", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Улуттук банк бул резервди улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн, баалардын туруктуулугун сактоо, финансылык туруктуулукту камсыз кылуу, ошондой эле КР министрлер кабинетинин чет өлкө валютасындагы милдеттенмелерин тейлөө үчүн колдонот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн