Бугу 03, 2024
Убакыт: 12:10
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

2023-жылы Жалал-Абадда 5 миң 571 жаңы жумуш орундары түзүлгөн

22.01.2024 15:20
386
2023-жылы Жалал-Абадда 5 миң 571 жаңы жумуш орундары түзүлгөн


2023-жылы Жалал-Абад облусунун аймагында 1 миң 402 ишкана ачылып, анын эсебинен 5 миң 571 жаңы жумуш орундары түзүлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев Бишкекте жыл жыйынтыгы чыгарылган жыйындын жүрүшүндө билдирди.

Облус башчысы бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 549 ишканага жана 2 миң 128 жумуш орунга жогору болгонун белгиледи.

Өткоң жылы Жалал-Абад облусу боюнча 52 млрд 666 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн.

Ыйгарым укуктуу өкүл 2023-жылы өнөр жай тармагында ишке берилген ири инвестициялык долбоорлорду атады. Ага катар аймакта 23 орто жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлор даярдалып, 7 чакан ГЭСтердин курулуштары кызуу жүрүп жатканын, анын ичинен 4 чакан ГЭСтердин курулуштары аяктап, 2 мини ГЭС ишке берилгенине токтолду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн