Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 22:25
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

2023-жылы чет өлкөлөрдө 12,4 миңден ашык кыргызстандык мыйзамдуу ишке орношкон, - министр

14.11.2023 12:59
248
2023-жылы чет өлкөлөрдө 12,4 миңден ашык кыргызстандык мыйзамдуу ишке орношкон, - министр


Үстүбүздөгү жылдын 9 айында эле чет өлкөлөрдө 12,4 миңден ашык кыргызстандык мыйзамдуу түрдө ишке орношкон. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан "Мекендештер - 2023" форумунда КР эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова билдирди.

Анын айтымына караганда, министрликтин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү 300гө жакын кыргызстандыктын төлөнбөгөн эмгек акысын 20 миллион рублден ашык суммага кайтарууга жардам берди. Дагы 6 миң адамга миграциялык мыйзамдар боюнча кеңеш берилди.

Эмгек министри ошондой эле өз сөзүндө кыргыз диаспораларынын кошкон зор салымы тууралуу айтып берди.

"Кыргыз диаспоралары өлкөбүздүн экономикасына чоң салым кошуп, мекендештерибиздин жашоо деңгээлин көтөрүүгө салым кошууда. Өз кезегинде министрлик коопсуз миграция үчүн шарттарды түзүү боюнча президент Садыр Жапаровдун Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында биздин эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча көп иштерди жүргүзүп жатат", - деди министр.

Гүлнара Баатырова эмгек мигранттарына көмөк көрсөтүү максатында кыргызстандыктардын укугун коргоого көмөк көрсөткөн Коомдук өкүлдөрдүн институту түзүлгөнүн белгиледи. Азыркы учурда Россияда, Германияда жана Украинада ведомствонун 96 коомдук өкүлү иштеп жатат.

Белгилей кетсек, Бишкекте "Мекендештер - 2023"форуму өтүүдө. Ага дүйнөнүн 19 өлкөсүнөн келген делегациялар катышууда.

Форумдун алкагында Казакстан, Малайзия, Россия жана АКШдан келген кыргызстандыктар чыгып, "Кыргызстандын аймактарынын өнүгүүсү жана мүмкүнчүлүктөрү" пленардык сессиясы, ошондой эле экономика жана региондорду өнүктүрүү, социалдык блок, коопсуз миграция, чет өлкөлүк мекендештер менен маданий-тарыхый байланышты сактоо темаларында үч панелдик сессия өтөт.

Форум региондорду өнүктүрүү жана жергиликтүү бийлик органдарынын инвесторлор менен кызматташтыгын жөнгө салуу үчүн мекендештердин потенциалын пайдалануу үчүн өткөрүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн