Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 07:35
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

2023-жылы прокурордук актынын негизинде 12,2 млрд сомдук зыяндын орду толтурулган

17.04.2024 12:50
97
2023-жылы прокурордук актынын негизинде 12,2 млрд сомдук зыяндын орду толтурулган


2023-жылы прокурордук актынын негизинде 12,2 млрд сомдук зыяндын орду толтурулган. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин жыйынындаотчет берип жатып айтты.

Анын айтымында, жыл ичинде мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө, коррупция менен күрөшүү, мамлекеттик жана муниципалдык менчикти жеке кызыкчылыктарга колдонууга жол бербөө, бюджеттик каражаттарды туура пайдалануу, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо, балдардын укуктарын коргоо жаатында 7922 текшерүү жүргүзүлгөн.

"Жыйынтыгында 16 миң 166 мыйзам бузуу аныкталып, 9 373 прокурордук акт келтирилген жана 539 кылмыш иши козголгон. Ошондой эле мыйзам бузууга жол берген 5 242 кызматкерге тартиптик жаза берилип, 2 270 кызматкерге айып пул салынды. Прокурордук актылардын негизинде мамлекетттин пайдасына 12 млрд 22 млн сом, анын ичинен 738 млн сом накталай, 11 млрд 284 млн сому натуралдык түрдө өндүрүлдү", - деди ал.

Ошондой эле башкы прокурор тактагандай, мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен 2699 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылган. Анын ичинен 271 гектары калктуу конуштардын жерлери, 1920 гектары айыл чарба багытындагы жерлер, 5 гектардан ашыгы өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймактарынын жерлери, 2 гектардан ашыгы Токой фондусунун жерлери, 500 гектар өндүрүш багытындагы жерлер болуп саналат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн