Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:36
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

2024-жылдагы ажылык сапардын баасы белгилүү болду

26.02.2024 17:18
376
2024-жылдагы ажылык сапардын баасы белгилүү болду


2024-жылдагы ажылык сапардын баасы 3 750 доллар болгондугун Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы кабарлады.


Төлөмдөр 27-февралдан 4-мартка чейин жүргүзүлөт


"Ажылыкка барууга 2000 доллар төлөп мүмкүнчүлүк алган ар бир талапкер 27-февралдан 4-мартка (4-мартты кошо эсептегенде) чейинки убакыт аралыгында "РСК банктын" иштөө убактысы бүткөнгө чейин калган 1 750 (миң жети жүз элүү) долларды төлөшү керек", — деп билдирди муфтияттан.


Былтыр ажылык сапардын баасы 3 900 доллар болгон. 2024-жылдагы ажылыкка Кыргызстандан бара турган зыяратчыларга 6 060 орун бөлүнгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн