2024-жылдын январында экономиканын негизги көрсөткүчтөрүнүн өсүү тенденциясы сакталды, деп билдирди Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева.
Анын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын январында ички дүң продуктынын көлөмү алдын-ала баалоо боюнча, 73 млрд сомду түздү, бул 2023-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 7,4 пайызга көп.
Керималиева өсүш товарларды өндүрүүдөн (27,6%), кызмат көрсөтүүдөн (52,2%) жана салыктык түшүүлөрдүн (20,2%га) эсебинен шартталгандыгын белгиледи.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн