Бугу 20, 2024
Убакыт: 10:46
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

2024-жылы Финансы министрлиги бюджетке 600 млрд сомдон ашык чогултууну пландоодо

20.10.2023 12:08
859
2024-жылы Финансы министрлиги бюджетке 600 млрд сомдон ашык чогултууну пландоодо


2024-жылы Финансы министрлиги бюджетке 600 миллиард сомдон ашык чогултууну пландоодо. Бул тууралуу министр Алмаз Бакетаев «Элдик» депутаттык тобунун «Альянс», «Ынтымак», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Ыйман нуру» парламенттик фракциялары менен биргелешкен жыйынында билдирди.


Күн тартибинде “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланууда.


Баяндамачы Алмаз Бакетаев 2023-жылы бюджетке 503 миллиард 400 миллион сом чогултуу пландалганын белгиледи.


«Азыр көрсөткүчтөр бул план ашыгы менен аткарыла турганын көрсөтүп турат. 2024-жылы жалпы мамлекеттик сектордун бюджетинин же консолидацияланган бюджеттин ресурстары 600 миллиард 700 миллион сом деңгээлинде пландаштырылган. Мындай көрсөткүчтөргө жетишүү үчүн башталган иштер улантылат. Тактап айтканда, Салык жана Бажы кызматтарынын ишин санариптештирүү, маркировкаланган товарлардын тизмесин кеңейтүү, бардык чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн контролдук-кассалык машинаны этап-этабы менен киргизүү”, – деди Алмаз Бакетаев.


Мындан тышкары, министр кэшбэк механизми киргизиле турганын белгиледи. Анын айтымында, бул жарандардын кассалык чекти талап кылууга түрткү берет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн