Бугу 07, 2024
Убакыт: 08:56
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

2024-жылы ЖККУнун машыгуулары Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстанда өтөт

17.11.2023 10:01
309
2024-жылы ЖККУнун машыгуулары Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстанда өтөт


Жамааттык коопсуздук келишим уюму 2024-жылы Кыргызстан, Казакстан жана ткжистанда машыгуу өткөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу Москвадагы брифингде ЖККУнун бириккен штабынын башчысы, генерал-полковник Анатолий Сидоров билдирди.

"2024-жылга планда жамааттык коопсуздуктун Борбордук Азия аймагына басым жасалган", - деди ал.

Сидоров Кыргызстанда ыкчам аракеттенүүчү жамааттык күчтөр менен, Казакстанда тынчтык орнотуучу контингенттер менен, Тажикстанда Борбор Азия регионунда ыкчам жайгаштырылган күчтөр менен машыгууларды өткөрүү пландалып жатканын тактады.

Штабдын башчысы машыгууларды өткөрүүнүн мөөнөтүн жана ордун айтуу азырынча эрте экенин билдирип, бул маселелер 2023-жылдын декабрында талкуулана баштай турганын кошумчалады.

Ошондой эле Сидоров ЖККУ Афганистандан келип жаткан террордук коркунучту ооздуктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди. Кеп аскердик коркунуч жөнүндө эмес, ооган жетекчилигинин бир катар чек ара аймактарын көзөмөлдөбөгөнүнөн келип чыккан көйгөйлөр жөнүндө болуп жатканын баса белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн