Баш оона 21, 2025
Убакыт: 22:57
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

2024-жылы борбор калаадан бардык кичи автобустар алынат, - мэрия

05.09.2023 12:17
510
2024-жылы борбор калаадан бардык кичи автобустар алынат, - мэрия


1300 автобустун баары Бишкекке алынып келинээри менен шаардын борбордук бөлүгүнөн кичи автобустар чыгарылат. Бул тууралуу журналисттерге вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максат Сазыкулов билдирди.


Анын айтымында, кеп Курманжан Датка – Түштүк магистрал – Садырбаев – Жибек Жолу көчөлөрү менен чектешкен аянтча тууралуу болуп жатат.


«Баардык автобустар келгенде шаардын муктаждыктары жабылат. Кичи автобустар ашыкча болуп, борбор калаанын чет жакаларына каттайт», - деди чиновник.


Ал ошондой эле, болжолдуу түрдө келерки жылдын экинчи жарымында кичи автобустарды автобустар алмаштыра турганын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн