Бугу 13, 2024
Убакыт: 20:13
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

2024-жылы энергетика тармагына эки эсе көп каражат бөлүнөт

05.02.2024 15:55
219
2024-жылы энергетика тармагына эки эсе көп каражат бөлүнөт


2024-жылы энергетика тармагына эки эсе көп каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, энергетика тармагын жана күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн 2024-жылга 2023-жылга бөлүнгөн каражатка (33,2 млрд сом) салыштырмалуу 40,7 млрд сомго көбөйүү менен 74,0 млрд сом өлчөмүндө каражат каралды.

Алар:

- "Электр станциялары" ААК жана "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКнын уставдык капиталын көбөйтүүгө - 55,8 млрд сом;
- күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүүгө - 7 млрд сом өлчөмүндө;
- бюджеттик кредиттерди бөлүүгө - 2,7 млрд сом;
- мамлекеттик инвестициялык программалардын алкагында 8,1 млрд сом суммасында, ошондой эле башка иш-чараларды ишке ашырууга каражат каралган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн