Мамлекеттик салык кызматы үстүбүздөгү жылдын I кварталында 63 млрд 852 млн сомдон ашык салык чогултту. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов билдирди.
Анын айтымында, бул былтыркы жылдын I кварталына салыштырмалуу 15 млрд 800 млн сомго көп. Тагыраагы, Салык кызматы бүгүнкү күндө 32 % өсүү темпи менен бара жатат.
“Бул албетте, жакшы көрсөткүч. Учурда камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо дагы Салык кызматына жүктөлгөн. 3 айдын жыйынтыгы менен 19 млрд 114 млн сомдон ашык төгүм чогултулуп, план 1 млрд 14 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Чогултулган салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасы 2025-жылдын I кварталында 82 млрд 966,7 млн сомго жетти. Бул эбегейсиз чоң көрсөткүч”, - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн