Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 16:26
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

2026-жылга чейин калкты суу менен камсыздоо программасы бекиди

19.06.2020 11:05
1322
2026-жылга чейин калкты суу менен камсыздоо программасы бекиди


2026-жылга чейин Кыргызстандын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүү программасы бекитилди. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү токтом өкмөт тарабынан кабыл алынды. 

Көрсөтүлгөн программа Кыргызстандын калкынын ченемдик сапаттагы ичүүчү суу менен камсыздалышын жогорулатууга, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруу системаларын куруу, реконструкциялоо жана модернизациялоо жолу менен республиканын калкынын ден соолугун жана жашоо сапатын жакшыртууга, айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирди азайтууга багытталган.

Программада суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу, негизги көйгөйлөрдү чечүү, кызыкдар министрликтердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын перспективдүү багыттарын, милдеттерин жана функцияларын аныктоо каралган.

715 айылда суу менен камсыздоо тутумдарын республикалык бюджеттин жана эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен куруу пландалууда. Бул программанын иш-чараларын 2023-жылга карата аяктоо күтүлүүдө.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн