Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 06:12
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

20%га кымбатташы мүмкүн. Кыргызстанда ун жана нанга болгон баанын кымбатташы күтүлүүдө

25.12.2022 10:15
460
20%га кымбатташы мүмкүн. Кыргызстанда ун жана нанга болгон баанын кымбатташы күтүлүүдө


Кыргызское национальное информационное агентство «Кабар»


Кыргызстандын ун ишканалары ассоциациясы 1-январдан тарта ун жана жем 15 пайызга кымбаттайт, ата мекендик тегирменчилер өз продукциясынын баасын көтөрүүгө аргасыз болорун билдирди.


Себеби, 31-декабрда ун комбинаттары үчүн данды ташып келүүгө жана кайра иштетүүгө берилген жеңилдиктердин мөөнөтү аяктайт.

Ассоциация 2021-жылдын сентябрынан 2022-жылдын 31-декабрына чейин тармакты мамлекеттик колдоо күчүндө экенин эскертти, башка айтканда бул аралыкта данды импорттоо жана кайра иштетүүдө КНС нөлгө барабар болгон. Ошондуктан, жыл ичинде чек арадагы жана коңшу мамлекеттердеги чыр-чатактарга карабастан, социалдык маанилүү товарларга жана биринчи кезекте эң зарыл болгон товарларга баанын турукташуусу байкалды.

КР министрлер кабинети менен түзүлгөн келишим боюнча ун комбинаттары өздөрүнүн кампаларын дан жана ун менен эки айлык запас камдоого милдеттенишкен. Бирок октябрь айынан баштап Россия Федерациясынан эгин ташууда көйгөйлөр башталды. Темир жолдогу тыгынга байланыштуу Казакстан темир жол бекеттерин жана жолдорн тазалоо максатында жүктөрдү транзитке өткөрүүгө шарттуу тыюу сала баштады.

"Бүгүнкү күндө ун комбинаттарындагы дандын жана ундун запасы азайып, бул олуттуу көлөмдү түзүүдө", - дейт Ун тегирменчилер ассоциациясынын президенти Рустам Жунушов.

Ал белгилегендей, таңкыстыкка Казакстан аркылуу эгин ташуудагы көйгөйлөр да, Россия Федерациясындагы дан ташыгычтардын жетишсиздиги да себеп болгон. Азыр жеткирүүлөрдүн кечигүүсү 30-40 күнгө жетет. Ата мекендик ишканалар октябрь айында заказ кылынган сырьенун көлөмүн ала элек.

"Бул себептер ун өндүрүүчүлөрдүн кампаларындагы ун жана дандын запасын олуттуу кыскартууга таасирин тийгизди жана эгер коңшу мамлекеттер чек араларды жаап салган же дан менен унду экспорттоого тыюу салган окуялар кайталанса, анда биз калкты ун менен 25-30 күн гана камсыз кылууга мүмкүн болот. Ал эми ундун баасынын көтөрүлүшүнө келсек, 2023-жылдын 1-январынан тарта дандын баасы 12%, ун 15% кымбаттайт – бул керектөөчүлөр ун сатып алууда төлөй турган КНСтин суммасы. Албетте, ундун кымбатташы нандын наркына да таасирин тийгизет, ал 18-20% кымбатташы мүмкүн”, - деп жыйынтыктады бирикменин жетекчиси.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн