Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 01:41
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кубанычбек Кадыров - мекендин татыктуу уулу

20.11.2021 15:34
1049
Кубанычбек Кадыров - мекендин татыктуу уулу


№21 “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын №10 катарында Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер Кубанычбек Кадыров тууралуу замандаштарынын пикири.


Жумагул Сооданбеков, Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору: “Ушундай жигиттер парламентке барышы керек”

- Ал өзү укук коргоо кызматтарында иштеп жүргөндө жаш кадрлардын ичинен эң таланттуу, интеллекти бай жигиттердин бири болчу. Атамбаевдин убагында саясаттын шайтан оюндарынын запкысын тартып калды. Эч негизсиз кызматтан бошотуп, куугунтукка алды. Менин оюмча, ушундай жигиттер келерки парламенттин курамында болсо жакшы болот эле. Азыр бийликтин мүнөзү өзгөрдү, Садыр Жапаров абдан жакшы иштерди жасап жатат, анын келечектүү долбоорлоруна жардам берген, түзөп-таяган таланттуу кишилер келсе жакшы болот эле деп ойлоп калам.


Өмүрбек Эгембердиев, Ысык-Көл коомунун төрагасы, ИИМ министринин мурдагы орун басары: “Эч нерседен коркпогон көк жалдыгы бар” жасачу иштерине өбөлгө болот”

- Кубанычбекти ал органда иштей баштагандан бери өтө профессионал кадр катары билем. Мыйзамды, өзүнүн милдетин так билчү. Анын эң мыкты сапаты - чынчылдыгы. Ар кандай адамдар болот да, өзүнүн кызыкчылыгын жогору коюп, саясий оюндарга аралашып кетишет. Кубанычбектен андай нерсени байкабадым. Түз жүрөт, ошондуктан сыйлайбыз. Мен аны 20 жылдан бери тааныйм. Элге кызмат кылсам деген тилеги, жүрөгү таза, чындыкты бетке айткан адам. Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн болгон күч-аракетин жумшаган мекенчил инсан. Дагы бир мыкты сапаты - көз карашын тайманбай айтат, эч нерседен коркпойт. Баскан жолу да өзгөчө: бир жагынан сыймыктуу, бир жагынан татаал жолду басты. Жетишкендиктерди да, кыйынчылыктары да болду. Кыргызстанга учурда ушундай адам керек, ошондуктан чын дилимден колдоп, биз билгендерди элге да жеткирүүгө аракет кылабыз.


Гүлүй Демесинова, Балыкчы шаарынын тургуну: “Жаштарга үлгү болчу сапаты көп”

- Мен Кубанычтын бир гана жакшы жагынан билем. Ак көңүл, боорукер, сылык, мамилечил адам деп айта алам. Бирөөлөргө жардам берүүдөн эч убакта баш тартпайт. Өз ишин сүйүү, өз элине берилүү жагынан бул кишинин кылган иштерин жаштарга үлгү катары көрсөтсө болот. Жакшы тааныш катары анын жоопкечиликтүү, убакытка так экенин да байкагам. Кыскасы, маданияттуу, чынчыл адам. Жыгылган адам ким болбосун сөзсүз колун сунуп тургузуп, чаңын да күүп, жолго баштап чыгарчу кайрымдуу жагы да бар. Менимче, ушундай адамдар парламентте көп болсо, коом өнүгүүгө тезирээк жетмек.








Белек Касымов, ветеринар: “Бийликтин запкысын көрсө да жүрөктөгү өртү өчпөдү”

- Кубанычбек Кадыровду көп жылдан бери билебиз. Өтө чынчыл, ишине, сөзүнө так адам. Чындык, адилеттүүлүк үчүн күрөшүп, ошол кездеги бийликтин туура эмес жактарын айтып, куугунтукка да кабылды. Бийликтин запкысын канчалык көрсө да жүрөгүндөгү элим-жерим деген максаттары өзгөрбөдү. Кубанычбек Кадыровду көпчүлүк колдоп жатабыз. Депутаттыкка аттанып жаткан ушундай эр азаматтарды колдоого жалпы журтту чакырат элем.




Улан Арзыбек уулу, ишкер: “Улуттук оюндарга басым жасайт”

- Бул байке буга чейин да Жогорку Кеңештин курамында болуп, Кыргызстан үчүн алгылыктуу иштерди жасап жүргөн адам. Мамлекетибиз үчүн күйүп-жанган агалардын бири. Көптөн бери тааныйм жана сыйым чоң. Буйруса, шайлоодо колдойлу деген ниетибиз бар. Өзү кыргыздын улуттук оюндарына басым жасай турганын байкап калдым. Көк-бөрү жаатына жардамын аябайт.




Максатбек Калдаров, айыл чарба корпоративинин төрагасы: “Чынчылдыгынын айынан куугунтукка кабылды”

- Экөөбүз Айыл чарба институтунда чогуу окудук. Окууну ийгиликтүү аяктады. Өтө чечкиндүү, патриот жигит экени ошол убактан эле байкалчу. Окууну аяктаганыбызга көп жыл болсо да мамилебизди үзгөн жокпуз. Чынчылдыгы бар, так ошону үчүн мурдагы бийликтин кысымына калды да. Көрүп турган нерсесине көз жумуп кое албайт, сөзсүз айтып, аягына чыгаруусу керек. Так ушундай көк жалдыгынын айынан абакта да отуруп чыкты. Мамлекеттин кызыкчылыгын коргоодон эч убакта баш тартпайт. Парламентке ушундай жигиттер келбегенде ким келет? Чынчыл адамдар келсе Кыргыз мамлекети оңолот. Партияны да абдан туура тандап алды деп ойлойм, “Ата-Журт Кыргызстан” өлкөдөгү эң бир таза партиялардын бири. Элдин акчасын жегендердин, бир күндө жараксыз болуп калчулардын партиясы эмес. Алгылыктуу иши менен элге алынган, таза жүргөн адамдар катарында көп экенин көрүп, Кубанычбектин тандоосуна кубанып калдым.


Мухтар Курманбаев, чарбакер, классташы: “Туулган айылым дегенде ичкен ашын жерге коет”

- Кичине чагыбыздан чогуу өскөнбүз, бир класста окудук. Абдан жакшы, тың жигит. Мурунку бийликтин куугунтугуна кабылып, бир топ кыйынчылыкты башынан өткөрдү. Чынында, ага коюлган дооматтарга ошондо аны жакшы тааныгандар ишенген эмеспиз. Анткени, абдан түз, таза жүргөн, мыйзамды сыйлаган адам. Көк беттиги бар. Бир убактарда ички иштер министринин орун басары да болду. Айыл толугу менен шайлайбыз деп турабыз. Айыл үчүн көп жакшы иштерди жасады. Айылда кандайдыр бир маселе жаралса, мисалы бир жылдары бак боюнча ызы-чуу жаралган, биз Кубанычбек Кадыровго айтсак, дароо реакция кылып, колунан келишинче жардам берүүгө аракеттенет. Туулган айылы дегенде ичкен ашын жерге коет.


Таалай Ниязов, мурдагы машыктыруучу: “Чындык, акыйкат үчүн күрөшкөн адам”

- Түптө спорт клубда тренер болуп иштеп жүргөнүмдө, Кубанычбек Кадыров биздин клубга демөөрчүлүк к ы л ы п , о ш о н д о н таанышып к а л г а м . Спортчуларга өтө көп жардам берди. Аны мен абдан чынчыл адам деп ойлойм, анткени ички иштер министринин орун басары болуп жүргөндө көп кылмыштардын жүзүн ачкан. Чындык, акыйкат үчүн күрөшкөн адам. Элдин кызыкчылыгын көп ойлойт. Агаини катары кез-кезде ден соолук сурашып турганыбыз менен анчалык тыгыз байланышыбыз жок. Бирок мен бул кишинин мурда-кийин аткарган иштерине карап баалап, урматтайм. Болгонун болгондой айткан бетке чабаарлыгы да бар. Ал киши жардам берген спорт клубда машыгуучулардын бир тобу көп ийгиликтерди жаратышты, республикалык мелдештерде алдыңкы орундарга чыгышты. Бул да болсо Кадыровдун өз убагында берген камкордугу стимул болуп берди деп ойлойм. Жаштардын жакшы жолго түшүүсүнө, дени сак жашоо образын карманышына салым кошту.


Канат Жумалиев, жеке ишкер: “Эл маселесине кайдыгер эмес”

- Кубанычбек байкени көптөн бери тааныйм. Кызматта жүргөн кезинде элдин маселесине кайдыгер карабай, ким кандай көйгөйүн айтса, чечип берүүгө умтулганы менен жакшы таасир калтырган. Парламентке депутат болууга аттанганын укканыбызда, дароо колдоого алдык. Жаштар уюму сүйлөшүп, жардамыбызды берели, колдообузду аябайлы деп чечтик. Биз Кубаныч байке менен бир канча жыл илгери атасы Бекбосун Кыдыкбаев депутаттыкка талапкер болгондо таанышкан элек, ошондон бери мамиле үзүлбөдү. Кубаныч байкенин депутат болуудагы максатын, кандай иштерди аткараары тууралуу планын уктук. Кудай буйруса, баары жакшы болот деп ишенип турабыз. Кыргызстан оңолсо экен деген тилегибиз чоң, анын аткарылышы үчүн Кубаныч байкедей эл-жер үчүн иштейм деген адамдарды шайлашыбыз керек.


Болот Искаков, айдоочу: “Кызмат аны өзгөртө албады”

- Ал менин кичине чактан чогуу өскөн досум. Илгертен туулуп-өскөн айылыбызга тийгизген жардамы чоң, маселелерин чечип берген бала болчу. Биз азыр Кадыровду колдоого алып, аны шайлоо ниетинде турабыз. Бул биздин өзүбүздүн чечимибиз. Эч ким үгүттөгөн же болбосо акча берген жок. Кубанычтын бир жакшы сапаты бар - азыр деле мамилеси бала чагыбызда кандай болсо, ошол бойдон калды. Кызмат да, башка да аны өзгөртө албады. Куугунтукка алынган, кызматта отурган күндөрү болду. Бирок кандай кырдаал башына түшпөсүн баягы биз тааныган, бала чакта чогуу окуган досубуз бойдон калды.


***«Ата-Журт Кыргызстан» СПнын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн