Бүгүн, 22-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 205 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов онлайн брифингде билдирди.
Жаңы учурар:
Бишкек шаарында – 82;
Чүй облусу - 33;
Ош шаарында – 25;
Ош облусу – 20;
Ысык-Көл облусу – 10;
Жалал-Абад облусу – 8;
Талас облусу – 6;
Нарын облусу – 19;
Баткен - 2.
Муну менен республика боюнча жалпы 3356 учур катталды.
Ошол эле учурда бир сутка ичинде ооруканадан 10 бейтап чыгарылган. Кыргызстан боюнча бүгүнкү күнгө чейин илдеттен айыккандардын саны жалпы 2021 адамга жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн