21-майдан баштап мал жана унаа базарлар иштей баштайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 19-майдагы бифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, 21-майдан баштап калкты тейлөө борборлору, калкты тиричилик жактан тейлөө борборлору, эмерек чогулутуу жана аны оңдоочу ишканалар, соода борборлор, мал базарлар, унаа базарлар иштерин жандандырат.
Ал эми, оюн зоок борборлору, көпчүлүк биригип
тамактануучу жайлар 1-июндан тарта иштеп баштайт.
Пикирлер (1)