Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

21 медицина кызматкери өкмөттүн ардак грамотасы менен сыйланды (фамилиялары)

04.08.2020 13:16
1463
21 медицина кызматкери өкмөттүн ардак грамотасы менен сыйланды (фамилиялары)


Саламаттык сактоо министрлигинде 3-августта республиканын жеке жана мамлекеттик медициналык уюмдарында эмгектенген медицина кызматкерлерине өкмөттүн ардак грамоталарын тапшыруу аземи болду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, салтанаттуу азем вице-премьер-министр Аида Исмаилованын жана саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун катышуусунда өттү.


2020-жылдын 22-июлундагы №288 буйруктун негизинде ак ниет эмгеги жана саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн өкмөттүн ардак грамоталары менен төмөнкү медицина кызматкерлери сыйланды:


- Адашпаев Насиржан Ташпулатович – УОжГБ интенсивдүү терапия бөлмөсүнүн анестезиолог-реаниматолог дарыгери;


- Алмереков Нурдин Кумарбекович – РКИО жандандыруу бөлүмүнүн башчысы;


- Бейшеналиев Илимгазы Айыпович – Нарын облусунун Ат-Башы районунун Аймактык ооруканасынын директору;


- Бодошов Азат Умарович – ОАжМСЭКДнын вирусологиялык лабораториясынын башчысы;


- Давлетбаева Марина Мамбетказиевна – РКИОнун №1 бөлүмүнүн башчысы;


- Дөкбаев Жээнбек Орозмаматович – Ош облустук ОАжМСЭКБ башкы дарыгери;


- Ибраимов Бакыт Аскарович – УХБ ичеги-карын хирургиясы секторунун башчысы;


- Кравцов Алексей Анатольевич – «Алдын алуучу медицина» Республикалык илимий-практикалык борборунун эпидемиолог дарыгери;


- Макешова Токтобүбү – РКИОнун №6 бөлүмүнүн улуу медайымы;


- Мамасали уулу Жыргалбек – Бишкек шаарындагы №1 Шаардык клиникалык ооруканасынын ыкчам хирургия бөлүмүнүн хирургу;


-  Нурланова Махабат Мелисовна – Бишкек шаарындагы №6 Шаардык клиникалык ооруканасынын пульмонолог дарыгери;


- Өмүракунова Назгүл Советбековна – Эндокринологиялык борбордун башкы дарыгери;


- Осмоналиев Калмурза Мукашевич – Чүй облустук стоматологиялык бейтапкананын стоматолог-хирург дарыгери;


- Осмонов Дамир Асылбекович – «Бикард» медициналык клиникасынын башкы дарыгери;


- Оторбаева Динагүл Сатаровна – ОАжМСЭКДнын жугуштуу, паразиттик оорулардын алдын алуу башкармалыгынын башчысы;


- Салиев Алишер Гаппарович – Ош облустар аралык балдар ооруканасынын травматолог дарыгери;


- Самаков Алмаз Асанбекович – УХБ ыкчам хирургия боюнча башкы дарыгеринин орун басары;


- Солтогулова Аиза Урустомовна – Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгери;


- Тилеков Эрнис Абдышевич – Улуттук онкология жана гематология борборунун директору;


- Үркүнчиев Таалайбек Токтобекович – Нарын облусунун Жумгал районунун Аймактык ооруканасынын директору;


- Чынгышова Жамиля Амановна – И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын анестезиология жана интенсивдүү терапия боюнча дипломго чейинки жана дипломдон кийинки билим берүү кафедрасынын башчысы. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн