Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

21 миллион сомго алдап жашынып жүргөн шектүү кармалды

02.03.2021 10:36
601
21 миллион сомго алдап жашынып жүргөн шектүү кармалды

Өзгөчө ири суммада алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, 29-декабрда Бишкек шаарынын тургуну милицияга кайрылып, айрым жарандар И.Э. жана М.Э., 2019-жылдын 4-мартында алдын-ала бүтүмгө кирип, арыз ээсинин беш батирин Бишкектин борборундагы кеңсеге алмаштырууга убада беришкен. Андан кийин алар мүлктү ээлеп алышып, дайынсыз болушкан. Келтирилген чыгым 21 миллион сомду түздү.


Факты бирдиктүү реестрге катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси "Алдамчылык" боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Шектүүлөрдүн бири кармалып, соттун чечими менен ал эки айга камакка алынды. Учурда кылмышкерди издөө иштери улантылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн