Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 23:01
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

21 миң сомдук телефонду карактап уурдоого шектүү жаран кармалды

09.03.2021 11:40
963
21 миң сомдук телефонду карактап уурдоого шектүү жаран кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 7-мартында болжол менен саат 01:30 чамасында Бишкек ШИИББнын "102" кызматына Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан аялдамалардын биринде "тоноп кетти" деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 2004-жылы туулган Д.К. аттуу айым арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен саат 01:20 чамасында болжол менен 25-30 жаштагы белгисиз азият түспөлүндөгү жаран арыз ээсин коркутуп, ачык түрдө баасы 21 000 сом турган "Редми Нот-9" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алып, белгисиз тарапка качып кеткен.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган Н.А. аттуу жаранды кармашып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Свердлов райондук ИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 201-беренесинин (Тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Али
21000ге камаласын.миллион уурда койо беришет.Кеп келише алганында.