Кыргызстандын Россиядагы элчилиги 2021-жылдын 7-декабрында Москва шаарындагы метро станцияларынын биринде өзүн поезддин астына тыштаган Кыргыз Республикасынын жараны менен болгон окуянын себептерин жана жагдайларын тактап жатат. Бул тууралуу Россиядагы элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда 1999-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны «Н. уулу С.», Москва шаарындагы ооруканалардын биринде операция жасалууда.
Элчиликтин кызматкери ооруканага жөнөтүлдү. Кыргыз Республикасынын жаранына керектүү жардам көрсөтүлөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн