Бугу 06, 2024
Убакыт: 01:19
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

22 команда катышат. Кыргыз танкисттери "Танк биатлону-2022" эл аралык сынагына даярдык көрүүдө

04.08.2022 16:11
388
22 команда катышат. Кыргыз танкисттери "Танк биатлону-2022" эл аралык сынагына даярдык көрүүдө

Кыргыз танкисттери "Танк биатлону-2022" эл аралык сынагына даярданууну баштады. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн командасы "Алабино" тактикалык-окуу комплексине келди.


“Учурда танк экипаждары сооттехникасын кабыл алып, бир сыйра жүргүзүп байкоо жана анын куралдарынан текшерип атууларды аткарышты, ошондой эле алдыдагы мелдешүүнүн маршрутунун жана анын өзгөчөлүктөрү менен таанышты”, - деп айтылат билдирүүдө.


Белгилей кетсек, былтыркы оюндардын жыйынтыгы боюнча 1-дивизиондун катарына кирген кыргызстандык танкисттерди быйылкы жылы Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кытай жана Россиянын күчтүү командалары менен атаандаштык күтөт.


"Танк биатлону-2022" эл аралык сынагы 13-августтан 27-августка чейин Россияда өтүп, анда Европа, Азия, Африка жана Латын Америка өлкөлөрүнүн 22 командасы катышат. Сынак жеке жарыш, жарым финал жана “Эстафета” финалдык этаптарынан турат.


Турнирдин катышуучуларынын жарыш талаасында туура багыт алуу, танкты башкаруу, окту таамай атуу жана ок атууну башкаруу боюнча жөндөмдүүлүктөрү бааланат.


Эскерте кетсек, 1-август күнү кыргыз танкисттери "Танк биатлону-2022" мелдешине катышуу үчүн Россияга жөнөп кеткен.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн