Бугу 20, 2024
Убакыт: 17:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

22-март: Өлкөдө коронавирусту жугузгандар катталган жок

22.03.2020 12:48
784
22-март: Өлкөдө коронавирусту жугузгандар катталган жок


22-мартка карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жаңы  жугузган адамдар  катталган жок. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан кабарлады. 

Маалыматка ылайык, 22-марттка карата жаңы коронавирус жуктурган учурлар катталган жок.  Буга чейин аталган илдетке кабылгандар жалпысынан 14 адам.

Анда Сузак районунда сегиз адам, Ноокатта үч киши, Бишкек шаарында эки жана Баткен районунда бир адам катталган. 

Алардын алтоо эркек, сегизи аял. Жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейин, алар учурда тиешелүү дарылануудан өтүүдө.

Ал эми коронавирус жугузгандар менен байланышта болгон 2628 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн