Тогуздун айы 28, 2025
Убакыт: 18:23
USD
87.30
87.80
EUR
101.50
102.50
RUB
1.090
1.125

2026-жылдан тарта бийик тоолуу аймактардагы энелерге акчалай жардам берилет

28.10.2025 13:51
30
2026-жылдан тарта бийик тоолуу аймактардагы энелерге акчалай жардам берилет


Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.


Мыйзам 2025-жылдын 24-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.


Бул мыйзамдын максаты калктын демографиялык өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында жашаган көп балалуу энелерди колдоо жана балдарды өнүктүрүү болуп саналат.


Мыйзамда Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда туруктуу жашаган,

2026-жылдын 1-январынан кийин төрт жана андан көп бала төрөгөн көп балалуу энелерге (Кыргыз Республикасынын жарандарына жана кайрылмандарга) бир жолку “Бала Береке” төлөмү (мындан ары – бир жолку “Бала Береке” төлөмү”) каралган.


Бир жолку “Бала Береке” төлөмүнүн өлчөмү, дайындоо жана төлөө тартиби министрлер кабинети тарабынан бекитилет.


Мыйзам 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн