Кыргызгидрометинен билдиргендей тоолуу аймактардагы Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка-Ак-Таш жолдоруна кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин эскертет.
Эртең, 22-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 6...11, күндүз 21...26,
Таласта түнкүсүн 4...9, күндүз 21...26,
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 5...10, күндүз 21...26,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15,
Нарында түнкүсүн -0…-5, күндүз 10…15,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0… 0...-5 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 23…25 градус болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн