22-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 37 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаарында – 6;
Ош облусунда - 6;
Нарын облусунда - 21;
Соль-Илецктен келгендер - 1;
Санкт-Петербургдан келгендер - 3.
Муну менен республика боюнча жалпы 1350 учур катталды.
Ошол эле учурда бир сутка ичинде ооруканадан 20 бейтап чыгарылган. Кыргызстан боюнча бүгүнкү күнгө чейин илдеттен айыккандардын саны жалпы 949 адамга жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн