23-апрелде өлкөдө коронавирус илдети дагы 19 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы катталгандар:
Бишкек шаарында - 9;
Чүй облусунда – 4,
Ош облусунда – 3;
Ош шаарында – 4.
Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны жалпы 631ге жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн